КИПКтин тарыхы
КИПК 2012-жылы Кызыл-Кыя гуманитардык-экономикалык институтунун алдындагы Орто кесиптик билим берүү бөлүмү катары уюшулган. 2014-жылдын 24-январында Кызыл-Кыя билим берүү колледжи деген ат менен өз алдынча юридикалык жак катары бөлүнүп чыккан. 2016-жылдын 11-февралында Кызыл-Кыя билим берүү коллдежинин аталышы Кызыл-Кыя колледж болуп өзгөртүлгөн. Ал эми 2020-жылдын 23-декабрында Кызыл-Кыя колледжи аталышы Кызыл-Кыя индустриялык-педагогикалык аталышына алмаштырылып, юстиция органдарынан кайрадан каттоодон өткөн.
Колледждин ишмердүүлүгүнүн максаты:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген лицензиялардын негизинде билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарынын талабына ылайык окуучуларга жалпы орто билим берүү жана адистиктер боюнча кошумча, баштапкы,орто кесиптик билимдеги адистерди даярдоо.
Миссиясы:
*Мезгилдин талаптарына жооп берген кесипкөй, компетенттүү, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо, мыкты билимге ээ болгон окуучуларды тарбиялоо.
*Республикадагы алдыңкы колледждердин катарына кирүү.
Колледжде бүгүнкү күндө илимдин доктору, профессор, магистрлер, лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча эксперттер, тренерлер, кесипкөй окутуучулар жана жардамчы сапаттуу кадрлар менен эмгек рыногун камсыздап келишүүдө.
Кафедра “Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо”, “Колдонмо информатика” , “Каржы” , “Экономика жана бухгалтердик эсеп”, “Полиграфиялык өндүрүш” адистиктерин, андан тышкары окуу жайдын бардык башка адистериндеги жалпы окутулуучу предметтерди тейлейт.
Кафедра “Башталгыч класстарда окутуу”, “Мектепке чейинки билим берүү” , “Укук таану”, “Дене тарбия”, “Социалдык педагогика”, "Чет тили", "Котормо иши" адистиктерин, андан тышкары окуу жайдын бардык башка адистериндеги жалпы окутулуучу предметтерди тейлейт.