ПЕДАГОГИКА ЖАНА ГУМАНИТАРДЫК ИЛИМДЕР КАФЕДРАСЫ

Педагогика жана гуманитардык илимдер кафедраснын башчысы

Топчубаева Таттыбүбү Жалалидиновна

 

 

Адресс :    Баткен обсулу , Кызыл-Кыя шаары

 

 

Телефон :    +996-771-140-624

 

 

E-mail :  

Аталган кафедра 2015-2016-окуу жылына карата 2015-жылдын сентябрь айында секция катары иштеп, андан кийин окуу жайдын окуу-тарбия иштерин оптималдуу жүргүзүү максатында директордун № 12/1 (10.11.2015)- буйругунун негизинде кафедра болуп өзгөртүлгөн.

Кафедрага БатМу КГПИнин Дүйнөлүк Тилдер Факультетини  аяктаган Орунбаев Данияр Атамалиевич кафедра башчысы (№12/1-буйругу, 1, 10.11.15) болуп дайындалган.

2017-2018-окуу жылынын 11-сентябрында окуу жайдын окуу-тарбия иштерин толук кандуу жүргүзүү максатында алдыңкы “Табият таануу жана информациялык технологиялар” кафедрасы жана “Гуманитардык- экономикалык ” кафедрасы жоюлуп, директордун №4/1  §2 (11.09.2017) буйругунун негизинде “Информациялык технологиялар”, “Гуманитардык- экономикалык илимдер” жана “Педагогика жана дене тарбия” кафедралары болуп өзгөртүлдү.

“Педагогика жана дене тарбия”  кафедрасына Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун ( азыркы ОшМУ) чет тилдер факультетинин “Немец тили мугалими, тарбиялык иштер боюнча усулчу” адистигин аяктаган Исабаева Айлархан Кияновна кафедра башчы кызматына директордун буйругунун негизинде дайындалган.

 2021-2022-окуу жылына чейин Исабаева Айлархан Кияновна кафедра башчысы болуп келген.    2021-2022-окуу жылынан баштап ОшМУнун  орус филологиясы факультетин  аяктаган Топчубаева Таттыбүбү Жалалидиновна кафедра башчы кызматына директордун  буйругунун негизинде дайындалган.

Кафедра тейлөөчү адистиктер алардын шифрлери жана окуу мөөнөттөрү:

Адистик

Ыйгарылуучу квалификация

Шифрлери

Окуу мөөнөттөрү жыл

к/б

с/б

9-кл

11-кл

1.

Башталгыч класстарда окутуу

Башталгыч класс мугалими

050709

3

2

2,6

2.

Мектепке чейинки билим берүү

Мектепке  чейинки курактагы балдар тарбиячысы

050704

-

2

2,6

3.

Укук таануу

Юрист

540402

3

2

2,6

4.

Дене тарбия

Дене тарбия мугалими

050720

3

2

2,6

5.

Социалдык педагогика

Социалдык педагог

050711

3

2

2,6

Кафедра мүчөлөрүнүн милдеттери
  1. Кафедранын ишин жолго коюда бирдиктүү иш алып баруу.

  2. Колледждин өнүгүүсүнө ар бири өз салымын кошуу.

  3. Студенттерге сапаттуу билим берүү, тарбиялоо жана колдоо корсотүү.

  4. Дайыма өзүнүн үстүнөн иштөө жана өз билимиин тынымсыз өркүндөтүү.

  5. Жаңы технологияны  жана усулдарды колдонуу менен сабак өтүү.

  6. Атаандашууда жөндөмдүү, компетентүү адистерди  даярдоо.

  7. Адистиктер боюнча аудиторияларды талапка ылайык жасалгалоо.

  8. Окутуучунун өзүнө тиешелүү иш кагаздарын  сапаттуу даярдоо.

  9. Шаардык денгээлдеги  жана окуу  жайлар арасындагы иш-чараларга активдүү катышуу жана уюштуруу.

  10. Колледждеги эмгек дисциплинасын сактоо.