Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжи 2012-жылы Кызыл-Кыя гуманитардык-экономикалык институтунун алдындагы орто кесиптик билим берүү бөлүмү катары уюшулган. 2014-жылдын 24-январында Кызыл-Кыя билим берүү колледжи деген ат менен өз алдынча юридикалык жак катары бөлүнүп чыккан. 2016-жылдын 11-февралында Кызыл-Кыя билим берүү коллдежинин аталышы Кызыл-Кыя колледж болуп өзгөртүлгөн. Ал эми 2020-жылдын 23-декабрында Кызыл-Кыя колледжи аталышы Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык аталышына алмаштырылып, юстиция органдарынан кайрадан каттоодон өткөн.

Директор 

 

 ...................................

 

Адрес : Баткен обл, Кызыл-Кыя ш.

 

Тел : .......................

 

whatsapp : ...................

 

E-mail : .....................

     КИПКтин Жаштар комитетинин колдоосу менен жалпы студенттер тарабынан 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата Жыйындар залында "Аялзат - аалам ажары" аттуу куттуктоо концерти өттү. Ага окуу жайдын директору Л.Муратова баштаган окутуучулар, жалпы студенттер катышты. Директордун орун басары И.Кельдибеков сөзгө чыгып, жалпы аялзатын жана студент кыздарды майрам менен жалпы мырзалардын атынан куттуктады.