Кызыл-Кийский индустриально-педагогический колледж

Кызыл-Кийский индустриально-педагогический колледж создан в 2012 году как отделение среднего профессионального образования при Кызыл-Кийском гуманитарно-экономическом институте. 24 января 2014 года он был выделен в самостоятельное юридическое лицо под названием Кызыл-Кийский педагогический колледж. 11 февраля 2016 года Кызыл-Кийский педагогический колледж был переименован в Кызыл-Кийский колледж. А 23 декабря 2020 года название Кызыл-Кийского колледжа было изменено на Кызыл-Кийское производственно-педагогическое наименование и он был перерегистрирован в органах юстиции.

17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата майрамдык кече өткөрүлдү. Ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулук курам жана жалпы студенттер катышышты. Ошондой эле, ардактуу конок катары Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри М.М. Айтматов да болду.

Жаңыдан кадам койгон 1 курстун студенттерин бүтүрүүчү курстар атайын белектери менен күтүп алышты.

Салтанатты окуу жайдын директору Л.Муратова ачып, жалпы студенттерди майрамы менен куттуктап, жакшы каалоо тилектерин айтып өттү. Ошондой эле, бир катар студенттерге сыйлыктар, 1 курстарга зачеттук китепчелер тапшырылды.

Ал эми конок катары чакырылган вице-мэр М.М.Айтматов жалпы студенттерди майрамы менен куттуктап, өткөн Байтик баатыр Канай уулунун 200 жылдык маарекесине арналган салтанатта ийгиликтүү жетишкендиги үчүн студент Б.Рахманалиеваны Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

КИПКтин маалымат кызматы