Ушул жылдын 10-ноябрында 17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата спорттук мелдеш өткөрүлдү. Мелдешти КИПКтин директорунун орун басары И.Кельдибеков ачып, командаларга ийгилик каалады. Ага КИПКтин тайпаларынан түзүлгөн командалар катышып, мелдешишти. Баардык студенттер активдүүлүгүн көрсөтүп, байгелүү орундарга атсалышты. Анда эстафеталык оюндар, аркан тартыш, тогуз коргоол, кол күрөш, футбол оюндарынан өткөрүлдү.