Улустун улуу майрамы Нооруз майрамына карата Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын демилгеси менен Борбордук эс алуу багында мекеме-ишканалардын арасында тамак-аш көргөзмөлөр кароо-сынагы өттү. Ага Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжи да катышты. Канатташ болгон Т.Кулатов атындагы Тоо-кен колледжи жана Кызыл-Кыя медициналык колледжи менен "КОЛЛЕДЖДЕР" деген бир командада кароо-сынакка катышып, 2-орунду ээлеп 10 миң сом өлчөмүндө байге алууга жетишти.