Kyzyl-Kyia Industrial-Pedagogical College was established in 2012 as a branch of secondary vocational education at the Kyzyl-Kyiv Institute of Humanities and Economics. On 24 January 2014, it was allocated to a separate legal entity called the Kyzyl-Kyiv Pedagogical College. On 11 February 2016, the Kyzyl-Kyiv Pedagogical College was renamed to the Kyzyl-Kyiv College. On December 23, 2020 the name of Kyzyl-Kyiv College was changed to Kyzyl-Kyiv production and pedagogical name and it was re-registered in the judicial bodies.

Бүгүн Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжинин башкы корпусунда 2021-2022-окуу жылында 5 адистик боюнча бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу аземи өттү. Ага окуу жайдын директору Л.Муратова, директордун орун басары И.Кельдибеков жана окутуучулар, бүтүрүүчүлөр, студенттер катышты.

Анда КИПКтин директору Л.Муратова бүтүрүүчүлөргө каалоо тилектерин айтып, дипломдорду тапшырды.

Эске салсак КИПКте 2021-2022-окуу жылына карата 5 адистиктик боюнча күндүзгү жана сырткы бөлүмдөн 117 бүтүрүүчү ийгиликтүү аяктады. Анын 7 студент артыкчылык дипломуна татыган.

Жалпы бүтүрүүчүлөргө мындан кийинки жашооңорго жалаң ийгиликтерди, жетишкендиктерди жана алган дипломуңар жакшы кызмат кылып беришин көптөн көп каалайбыз!