Kyzyl-Kyia Industrial-Pedagogical College was established in 2012 as a branch of secondary vocational education at the Kyzyl-Kyiv Institute of Humanities and Economics. On 24 January 2014, it was allocated to a separate legal entity called the Kyzyl-Kyiv Pedagogical College. On 11 February 2016, the Kyzyl-Kyiv Pedagogical College was renamed to the Kyzyl-Kyiv College. On December 23, 2020 the name of Kyzyl-Kyiv College was changed to Kyzyl-Kyiv production and pedagogical name and it was re-registered in the judicial bodies.

      2022-23-окуу жылындагы педагогикалык жана педагогикалык эмес практикалардын жыйынтыктоочу конференциясы үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинде өттү. Ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулук курам, усулчулар жана жалпы студенттер катышышты. Конференцияны директор Л.Муратова ачып, бардык практиканттарды практикаларын ийгиликтүү өтөп келүүсү менен куттуктады. Кафедра башчылары К.Гапурова, З.Акынбаевалар, усулчулар Ж.Кыпчакова, И.Кельдибеков, У.Садыковалар сөз сүйлөп, практикалардын жүрүшүндөгү жетишкендиктер, кемчилдиктер жана өздөштүрүүлөр туурасында айтып өтүштү. Башталгыч класстарда окутуу адистигинин 3 курсунун студенттери Ж.Талантбекова, Ж.Абдылбакы кызылар ачык сабактарынан үзүндүлөрдү өтүшүп, ал эми Каржы адистигинин 3 курсунун студенти Г.Амажанова, АС жана ЭТПК адистигинин 3 курсунун студенти Г.Шарипова, Укук таануу адистигинин 3 курсунун студенти М.Борубаевалар практиканын жүрүшү туурасында баяндамаларды жасашты.

       Конференциянын аягында ар бир адистиктин уюштурулган практикасынын жыйынтык көргөзмөлөрү тартууланып, аларды коргоп беришти.