Кызыл-Кийский индустриально-педагогический колледж

Кызыл-Кийский индустриально-педагогический колледж создан в 2012 году как отделение среднего профессионального образования при Кызыл-Кийском гуманитарно-экономическом институте. 24 января 2014 года он был выделен в самостоятельное юридическое лицо под названием Кызыл-Кийский педагогический колледж. 11 февраля 2016 года Кызыл-Кийский педагогический колледж был переименован в Кызыл-Кийский колледж. А 23 декабря 2020 года название Кызыл-Кийского колледжа было изменено на Кызыл-Кийское производственно-педагогическое наименование и он был перерегистрирован в органах юстиции.

КИПКте Нооруз майрамы
2023-03-17 12:00 Нооруз майрамын утурлай Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжинде майрамдык чоң салтанат болду. Ага жалпы окуу жайдын эмгек жамааты жана студенттери катышышты. Сүмөлөк салынып, дасторкон жайылып, майрам шаңга бөлөндү. Студенттик тайпалар арасында кыргыз элинин каада-салттарынан көрүнүш аткаруу боюнча кароо-сынак өтүп, алдыңкы орунду алган тайпалар дирекция тарабынан сыйланды. Ошону менен катар улуттук оюндар боюнча да таймаштар өтүп, жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. 
Б.Тешебаева Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын Ардак грамотасына татыды
2023-03-07 14:00        8-март Аялдардын Эл аралык майрамына карата КИПКтин Кадрлар бөлүмүнүн башчысы Б.А.Тешебаева көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлыкты Кызыл-Кыя шаарынын мэри Маткалыков Асилбек Жоробаевич жеке өзү тапшырып, жакшы каалоо-тилектерин арнады.
8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата куттуктоо концерти өттү
2023-03-07 12:00      КИПКтин Жаштар комитетинин колдоосу менен жалпы студенттер тарабынан 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата Жыйындар залында "Аялзат - аалам ажары" аттуу куттуктоо концерти өттү. Ага окуу жайдын директору Л.Муратова баштаган окутуучулар, жалпы студенттер катышты. Директордун орун басары И.Кельдибеков сөзгө чыгып, жалпы аялзатын жана студент кыздарды майрам менен жалпы мырзалардын атынан куттуктады.