8-март Аялдардын Эл аралык майрамына карата КИПКтин Кадрлар бөлүмүнүн башчысы Б.А.Тешебаева көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Сыйлыкты Кызыл-Кыя шаарынын мэри Маткалыков Асилбек Жоробаевич жеке өзү тапшырып, жакшы каалоо-тилектерин арнады.