Нооруз майрамын утурлай Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжинде майрамдык чоң салтанат болду. Ага жалпы окуу жайдын эмгек жамааты жана студенттери катышышты. Сүмөлөк салынып, дасторкон жайылып, майрам шаңга бөлөндү. Студенттик тайпалар арасында кыргыз элинин каада-салттарынан көрүнүш аткаруу боюнча кароо-сынак өтүп, алдыңкы орунду алган тайпалар дирекция тарабынан сыйланды. Ошону менен катар улуттук оюндар боюнча да таймаштар өтүп, жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.