Кызыл-кыя индустриалдык-педогогикалык колледжинин жанылыктары

17-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк студенттердин күнүнө арналып окуу жайдын студенттик тайпаларынын командаларынын арасында спорттук оюндар эстафетасы өткөрүлдү. Оюндун жүрүшүндө 1-орунга ПОВТАС командасы, 2-орунга БК-21 тайпасынын командасы, 3-орунга Укуктар командасы, ПК-23 тайпасынын командасы ээ болуп, сыйлыктар менен сыйланышты. Андан сырткары волейбол, футбол оюндары да ойнолуп, катышуучулар сыйланышты.