Кызыл-Кыя шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгын утурлай туу көтөрүү аземине окуу жайдын 60 студенти катышып келишти. КИПКтин башкы имаратынан Борбордук аянтка чейин КИПКтин директорунун орун басары баштап студенттер жөө жүрүшкө чыгышып, акырында аянттагы иш-чарага күбө болушту.