КОЛЛЕДЖ

 МИССИЯСЫ

МЕЗГИЛДИН ТАЛАПТАРЫНА ЖООП БЕРГЕН КЕСИПКӨЙ, КОМПЕТЕНТТҮҮ ЖАНА АТААНДАШТЫККА ЖӨНДӨМДҮҮ АДИСТЕРДИ ДАЯРДОО, МЫКТЫ  ОРТО БИЛИМГЕ ЭЭ БОЛГОН ОКУУЧУЛАРДЫ ТАРБИЯЛОО. РЕСПУБЛИКАНЫН АЛДЫҢКЫ КОЛЛЕДЖДЕРДИН КАТАРЫНА КИРҮҮ

КИПК ТАРЫХЫ

Кызыл-Кыя педагогикалык колледжи 2012-жылы Кызыл-Кыя гуманитардык-экономикалык институттунун орто кесиптик билим берүү бөлүмү болуп түзүлгөн. 2014-жылдын 24-январында Кызыл-Кыя педагогикалык колледжи деп аталган өз алдынча юридикалык тарапка айланган. 2016-жылдын 11-февралында Кызыл-Кыя педагогикалык колледжи Кызыл-Кыя колледжи болуп өзгөртүлгөн. 2020-жылдын 23-декабрында Кызыл-Кыя колледжинин аталышы Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжи болуп өзгөртүлүп, юстиция органдарынан кайра каттоодон өткөн.

Кызыл-Кыя Индустриалдык- Педагогикалык Колледжи билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан өткөрүлүп жаткан институционалдык аккредитациялоо процесстеринен өттү.

Аккредитациялык тышкы эксперттик комиссия колледждин материалдык-техникалык базасын, финансылык мүмкүнчүлүгүн ар тараптуу көзөмөлдөн өткөрүп, студенттер, бүтүрүүчүлөр, ата-энелер, окутуучулар, социалдык өнөктөштөр, иш берүүчүлөр жана жетекчилик курамы менен фокус-топтук баарлашууларды жүргүзүштү. Бул маектер колледждин жалпы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат алууга багытталган.

Аккредитация эки күнгө созулуп, анын жыйынтыгында окуу жайдын артыкчылыктары бааланып сунуштар берилди.