Кызыл-кыя индустриалдык-педогогикалык колледжинин жанылыктары

М.Тайировго КӨУнун ардактуу профессору берилди

    Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжинин директорунун кеңешчиси, физика-математика илимдеринин доктору, профессор М.М.Тайировго билим берүү системасындагы опол тоодой сиңирген эмгеги жана кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгаргандыгы үчүн Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык Университетинин Окумуштуулар кеңешинин чечими менен Кыргыз-Өзбек Эл аралык Университетинин ардактуу профессору наамы ыйгарылды. Аны КӨУнун ректору Ч.Райымбаев тапшырып, мындан аркы илим жолуна ийгиликтерди каалады.