Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжи 2012-жылы Кызыл-Кыя гуманитардык-экономикалык институтунун алдындагы орто кесиптик билим берүү бөлүмү катары уюшулган. 2014-жылдын 24-январында Кызыл-Кыя билим берүү колледжи деген ат менен өз алдынча юридикалык жак катары бөлүнүп чыккан. 2016-жылдын 11-февралында Кызыл-Кыя билим берүү коллдежинин аталышы Кызыл-Кыя колледж болуп өзгөртүлгөн. Ал эми 2020-жылдын 23-декабрында Кызыл-Кыя колледжи аталышы Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык аталышына алмаштырылып, юстиция органдарынан кайрадан каттоодон өткөн.

Директор 

 

 ...................................

 

Адрес : Баткен обл, Кызыл-Кыя ш.

 

Тел : .......................

 

whatsapp : ...................

 

E-mail : .....................

КИПКте Жарандык коргонуу боюнча машыгуулар

2023-жылдын 27-апрелинде КИПКтин башкы корпусунда Жарандык коргонуу боюнча окутуучулар жана студенттер менен биргеликте машыгуулар болуп өттү. Анда өзгөчө сигналдар, биринчи жардам, кырдаал жаралганда кошумча чыгуулардан чыгуу эрежелери, тартиби түшүндүрүлдү. Жарандык коргонуу боюнча штабтын башчысы А.Беркматов жалпы студенттерге маалыматтарды берди.