Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжи 2012-жылы Кызыл-Кыя гуманитардык-экономикалык институтунун алдындагы орто кесиптик билим берүү бөлүмү катары уюшулган. 2014-жылдын 24-январында Кызыл-Кыя билим берүү колледжи деген ат менен өз алдынча юридикалык жак катары бөлүнүп чыккан. 2016-жылдын 11-февралында Кызыл-Кыя билим берүү коллдежинин аталышы Кызыл-Кыя колледж болуп өзгөртүлгөн. Ал эми 2020-жылдын 23-декабрында Кызыл-Кыя колледжи аталышы Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык аталышына алмаштырылып, юстиция органдарынан кайрадан каттоодон өткөн.

Директор 

 

 ...................................

 

Адрес : Баткен обл, Кызыл-Кыя ш.

 

Тел : .......................

 

whatsapp : ...................

 

E-mail : .....................

     Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы №157 сандуу «Улуттук нарк жөнүндөгү» Жарылыгынын алкагында жана 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө карата «Так илимдер жана информациялык технологиялар» кафедрасынын окутуучусу, КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча эксперти Ч.А.Мадиярова тарабынан КИПКтин жалпы окутуучулук курамына «Кесиптик билим берүүдө нарктуу, кесипкөй адисти даярдоодо мамлекеттик тилдин ролу» аттуу семинар-тренинг уюштурулду. Семинар-тренинге окутуучулар жамааты толук курамда катышып, өзгөчө жаңылыктарга жана маалыматтарга ээ болушту.

      Анда семинар боюнча эксперт тарабынан баяндама жасалып, мээ чабулу, мамлекеттик стандарттарынын мамлекеттик тилде жүргүзүү, 1 курстун студенттери үчүн предметтик стандартындагы компетенцияларды калыптандыруу туурасында маалыматтар, суроо-жооптор менен коштолду.