Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжи 2012-жылы Кызыл-Кыя гуманитардык-экономикалык институтунун алдындагы орто кесиптик билим берүү бөлүмү катары уюшулган. 2014-жылдын 24-январында Кызыл-Кыя билим берүү колледжи деген ат менен өз алдынча юридикалык жак катары бөлүнүп чыккан. 2016-жылдын 11-февралында Кызыл-Кыя билим берүү коллдежинин аталышы Кызыл-Кыя колледж болуп өзгөртүлгөн. Ал эми 2020-жылдын 23-декабрында Кызыл-Кыя колледжи аталышы Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык аталышына алмаштырылып, юстиция органдарынан кайрадан каттоодон өткөн.

Директор 

 

 ...................................

 

Адрес : Баткен обл, Кызыл-Кыя ш.

 

Тел : .......................

 

whatsapp : ...................

 

E-mail : .....................

КИПКте студенттик олимпиада

     2022-2023-окуу жылында пландаштырылган студенттер арасында предметтик олимпиада 2 май күнү окуу жайда өткөрүлдү. Ага колледждин күндүзгү бөлүмүнүн студенттери катышып, өз билимдерин сынашты.Алдыңкы орундарга ээ болгон катышуучу студенттер, окуу жайдын дирекциясы тарабынан дипломдорго ээ болушту.

    Окуу жайдагы адистиктер боюнча кесиптик жана базалык предметтер боюнча 18 cабак боюнча өткөрүлдү.