КИПК 2012-жылы Кызыл-Кыя гуманитардык-экономикалык институтунда орто кесиптик билим берүү кафедрасы катары түзүлгөн. 2014-жылдын 24-январында Кызыл-Кыя педагогикалык колледжи деп аталган өз алдынча юридикалык тарапка бөлүнгөн. 2016-жылдын 11-февралында Кызыл-Кыя педагогикалык колледжи - Кызыл-Кыя колледжи болуп өзгөртүлгөн. Ал эми 2020-жылдын 23-декабрында Кызыл-Кыя колледжинин аталышы Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжи аталышына өзгөртүлүп, юстиция органдарынан кайра каттоодон өткөн.
Колледждин максаты:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген лицензиялардын негизинде, мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык, окуучуларга жалпы орто билим берүү жана адистиктер боюнча кошумча, башталгыч, орто кесиптик билим берүү мекемелеринде адистерди даярдоо.
Миссиясы:
**Убакыттын талабына жооп берген кесипкөй, компетенттүү, атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдоо, мыкты билимдүү студенттерди даярдоо. *Республиканын алдыцкы техникумдарынын катарына кошуу.
Колледжде бүгүнкү күндө илимдин доктору, профессор, магистрлер, лицензиялоо жана аккредитациялоо боюнча эксперттер, тренерлер, кесипкөй окутуучулар жана жардамчы сапаттуу кадрлар менен эмгек рыногун камсыздап келишүүдө.
Кафедра “Автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникаларын программалык камсыздоо”, “Колдонмо информатика” , “Каржы” , “Экономика жана бухгалтердик эсеп”, “Полиграфиялык өндүрүш” адистиктерин, андан тышкары окуу жайдын бардык башка адистериндеги жалпы окутулуучу предметтерди тейлейт.
Кафедра “Башталгыч класстарда окутуу”, “Мектепке чейинки билим берүү” , “Укук таану”, “Дене тарбия”, “Социалдык педагогика”, "Чет тили", "Котормо иши" адистиктерин, андан тышкары окуу жайдын бардык башка адистериндеги жалпы окутулуучу предметтерди тейлейт.