Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжи 2012-жылы Кызыл-Кыя гуманитардык-экономикалык институтунун алдындагы орто кесиптик билим берүү бөлүмү катары уюшулган. 2014-жылдын 24-январында Кызыл-Кыя билим берүү колледжи деген ат менен өз алдынча юридикалык жак катары бөлүнүп чыккан. 2016-жылдын 11-февралында Кызыл-Кыя билим берүү коллдежинин аталышы Кызыл-Кыя колледж болуп өзгөртүлгөн. Ал эми 2020-жылдын 23-декабрында Кызыл-Кыя колледжи аталышы Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык аталышына алмаштырылып, юстиция органдарынан кайрадан каттоодон өткөн.

Директор 

 

 ...................................

 

Адрес : Баткен обл, Кызыл-Кыя ш.

 

Тел : .......................

 

whatsapp : ...................

 

E-mail : .....................

     Кызыл-Кыя шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик туунун кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгын утурлай туу көтөрүү аземине окуу жайдын 60 студенти катышып келишти. КИПКтин башкы имаратынан Борбордук аянтка чейин КИПКтин директорунун орун басары баштап студенттер жөө жүрүшкө чыгышып, акырында аянттагы иш-чарага күбө болушту.