Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжи 2012-жылы Кызыл-Кыя гуманитардык-экономикалык институтунун алдындагы орто кесиптик билим берүү бөлүмү катары уюшулган. 2014-жылдын 24-январында Кызыл-Кыя билим берүү колледжи деген ат менен өз алдынча юридикалык жак катары бөлүнүп чыккан. 2016-жылдын 11-февралында Кызыл-Кыя билим берүү коллдежинин аталышы Кызыл-Кыя колледж болуп өзгөртүлгөн. Ал эми 2020-жылдын 23-декабрында Кызыл-Кыя колледжи аталышы Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык аталышына алмаштырылып, юстиция органдарынан кайрадан каттоодон өткөн.

Директор 

 

 ...................................

 

Адрес : Баткен обл, Кызыл-Кыя ш.

 

Тел : .......................

 

whatsapp : ...................

 

E-mail : .....................

Улуттук адабият күнү билгиленди !!!

12- декабрь улуттук адабият күнүнө карата бир жумалык жарыяланып, адабий кече менен жыйынтыкталды. Ага окуу жайдын окутуучулары жана жалпы студенттери катышышты. Кечени окуу жайдын директорунун орун басары И.Кельдибеков ачып, улуттук адабият күнү жөндөн жөн белгиленип калбагандыгын, анда улуу жазуучу Ч.Айтматовго, алп акын А.Осмоновго байланыштуулугу жогору экенин, кыргыз адабиятынын негизги баштоочулары жана даңазалоочулары экенин баса белгилеп өттү. 

Бул иш чара ПГИ кафедрасынын окутуучулары Б.Сексенбаеванын, А.Рысбаеванын демилгеси менен уюштурулду.