КИПК студенттери аймактык илимий-практикалык конференцияда
Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжинин студенттери Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына карата Т.Кулатов атындагы Кызыл-Кыя тоо-техникалык, инновация жана экономика колледжи тарабынан уюштурулган «Молдо Нияз – улуу даанышман, агартуучу жана гуманист» аттуу аймактык жаш окумуштуулардын жана студенттердин илимий-практикалык конференциясына катышып, өздөрүнүн баяндамаларын жасашып келишти.
КИПКтин студенттери жасаган баяндамалары боюнча Ж.Талантбекова 1-орунга, Н.Эргешова 2-орунга (дипломго) жана Г.Амажанова активдүүлүгү үчүн тастыктоочу сертификатка ээ болушту.