Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри У.Э.Мамбетакуновдун буйругуна ылайык, Билим берүү тармагына сиңирген эмгеги үчүн "Билим берүүнүн мыктысы" төш белгисине КИПКтин окутуучулары Исабаева Айлархан Кияновна, Мадиярова Чолпон Абдиллазизовна, Бердыбаев Абдысалам Калдарович, ал эми Ардак грамотасына Ташкенбаева Зийнат Мамажунусовналар татышты.
Жогорудагы сыйлыкты ээлерине окуу жайдын директору Л.Муратова тапшырып, сыйлык ээлерине ийгиликтерди жана мындан да жогорку маараларды багындырышын каалап өттү.
Сыйлык ээлерин КИПКтин жалпы окутуучулук жамаатынын атына кызуу куттуктайбыз!
КИПКтин маалымат кызматы