КОНСТИТУЦИЯ – ӨЛКӨНҮН БАШКЫ МЫЙЗАМЫ АТТУУ СЕМИНАР-ТРЕНИНГ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата «Конституция – өлкөнүн башкы мыйзамы» аттуу семинар-тренинг болуп өттү. Семинар Кыргызстан юристтери ассоциациясынын мүчөсү, юриспруденциясынын магистры И.Кельдибеков тарабынан окуу жайдын педагогикалык окутуучулук жамаатына жана жалпы кызматкерлерге уюштурулуп, окутуу жүргүзүлдү.
Семинардын жүрүшүндө Конституциянын жалпы түшүнүгү, Кыргызстандын конституциясынын өнүгүү тарыхы, колдонуудагы Конституцияны чечмелөөлөр боюнча маалыматтар берилип, суроо-жооптор менен коштолуп, окутуучулар жамааты активдүүлүгүн көрсөттү.