«Мактым сулуу мекенчилдиктин жана аруулуктун символу» аттуу кароо-сынагы
Кызыл-Кыя индустралдык-педагогикалык колледжинде Энелер күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы «Улуттук нарк жөнүндөгү» №157 Жарлыгынын алкагында Окумуштуу М.М.Тайировдун илимий изилдөөсүнө таянып «Мактым сулуу» кенже эпосу боюнча «Мактым сулуу мекенчилдиктин жана аруулуктун символу» аттуу кароо-сынагы болуп өттү. Ага колледждин 7 студенттик тайпаларынын кураторлору жана студенти конкурсант катары катышты.
Кыргызстандын түштүк-батыш чөлкөмүнөн чыккан кыргыз кызы Мактымдын калмактардан элин, жерин жана элдин бүтүндүгүн коргоодогу, аялдык аруулукту сактагандыгы туурасындагы көрүнүштөр жалпы көрөрмандарга тартууланды.
Бул саамалыкка шаардагы, райондордогу окуу жайлардын жетекчилери, Майдан айыл өкмөтүнөн жана Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын бир катар өкүлдөр жана ата-энелер жамааты катышышты.