Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжи 2012-жылы Кызыл-Кыя гуманитардык-экономикалык институтунун алдындагы орто кесиптик билим берүү бөлүмү катары уюшулган. 2014-жылдын 24-январында Кызыл-Кыя билим берүү колледжи деген ат менен өз алдынча юридикалык жак катары бөлүнүп чыккан. 2016-жылдын 11-февралында Кызыл-Кыя билим берүү коллдежинин аталышы Кызыл-Кыя колледж болуп өзгөртүлгөн. Ал эми 2020-жылдын 23-декабрында Кызыл-Кыя колледжи аталышы Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык аталышына алмаштырылып, юстиция органдарынан кайрадан каттоодон өткөн.

Директор 

 

 ...................................

 

Адрес : Баткен обл, Кызыл-Кыя ш.

 

Тел : .......................

 

whatsapp : ...................

 

E-mail : .....................

ОКУУ ЖЫЛЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

          Кызыл-Кыя индустриалдык-педагогикалык колледжинде 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы салтанаты өткөрүлдү. Ага окуу жайдын жетекчилиги, педагогикалык жамааты, ата-энелер жана жалпы студенттер катышты. Директор Л.Муратова салтанатты ачып, баарын окуу жылынын ийгиликтүү жыйынтыкталышы менен куттуктап, бүтүрүүчүлөргө алдыдагы даңгыр жолуна ийгиликтерди каалады.

        Окуу жылындагы жетишкендиктер белгиленип, сыйлыктар тапшырылды. Жылдын мыктылары тандалып, "Эң мыкты окутуучу" наамына З.Ташкенбаева, "Мыкты окутуучу" наамына К.Гапурова, Д.Тургунова, "Мыкты куратор" наамына У. Садыковалар таттыктуу болушту. Ал эми студенттердин арасынан да жыл мыктылары тандалып, аларга сыйлыктар, ата-энелерине ыраазычылык каттар ыйгарылды.